Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ош облусуКара-Суу району 04.05.2019 12:25

Кара-Суудагы окуучулар арасында интеллектуалдык таймаш өттү

Turmush -  2-май күнү Кара-Суу районундагы Шарк айыл өкмөтүндө мектептер арасында интеллектуалдык таймаштын 6-оюну Абдурашит Парпиев орто мектебинде өттү. Бул тууралуу акимчиликтен билдиришти.

Маалым болгондой, оюнга жалпысынан 7 мектептен 7 команда катышты. Жыйынтыгында 1-орунду Тешебай Мусаев орто мектебинин «Бийиктик» командасы, 2-орунду Алтыбаев орто мектебинин «Хикмат» командасы, 3-орунду А.Парпиев орто мектебинин «Глобус» командасы ээледи.
«Интеллект ум» оюну Кара-Суу районунун ичиндеги айыл өкмөттөрдө уюштурулду. Анда жеңүүчү болгон командалар райондук мелдешке катышат.

Кара-Суу районунда 16 айыл өкмөт жана 1 шаар бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×