Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ош облусу, Ош 06.05.2019 20:00

Ошто Жеңиш күнүнө карата ат оюндары өтүп жатат

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Ош шаарындагы «Төлөйкөн» ат майданында 9-май — Жеӊиш күнүнө карата жана таланттуу сүрөтчү, актёр Сүймөнкул Чокморовдун, ошондой эле белгилүү каскадёр Үсөн Кудайбергеновдун жаркын элесине арналган ат оюндары боюнча мелдештер өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу Ош облустук спорт комитетинен билдиришти.

Мелдештер ат чабыш, көк бөрү, эр эңиш, салбурун сыяктуу улуттук оюндар боюнча өтөт. Ага Баткен, Ош, Жалал-Абад облустары жана Ош шаарынан чыккан командалар катышууда. Кечээ, 5-майда башталган ат оюндары 9-майга чейин созулат.

Ат чабыш боюнча мелдештерге каттоо 8-май күнү саат 14:00дөн 18:00гө чейин болот. Ошол эле күнү саат 09:00дөн 10:00гө чейин эр эңиш боюнча мелдештерге каттоо жүрөт. Ал эми кѳк бѳрү боюнча мелдешке командаларды каттоо 4-майда жыйынтыкталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×