Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Ош облусу, Ош 17.05.2019 15:06

Айыл чарба продукциясын өндүргөн ишкерлердин бирдиктүү реестри түзүлөбү?

Жыйын учурунда
Жыйын учурунда

Turmush -  Айыл чарба жана мелиорация министрлиги аймактарда айыл чарба продукциясын өндүргөн ишкерлерди бирдиктүү реестрге каттоо үчүн атайын коом түзүүнү каалайт. Бул тууралуу бүгүн, 17-май күнү аталган министрликке караштуу өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин жетекчисинин орун басары Алымбай Имаров Ош шаарында өткөн жыйында билдирди.

Анын айтымында, Баткен жана Жалал-Абад облустарында өндүрүлгөн продукцияларды чет өлкөгө экспорттоо үчүн ишкерлер Бишкектеги логистикалык борбордон фитосанитардык документтерди алып жатышат. Ошондуктан аталган логистикалык борбордо кезек күткөндөрдүн саны көп болууда.

Жакынкы айларда Ош облусунун аймагында да айыл чарба продукцияларын текшерүүчү логистикалык борбор иштеп баштайт. Жыйында А.Имаров Жалал-Абад жана Баткен облусундагы ишкерлер өндүргөн продукцияларын Бишкекке алып барбастан, Ош облусуна алып келишсе болорун билдирди.

«Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө болгондон кийин продукцияларды эркин экономикалык аймактын талаптарына ылайык экспорттош керек. Өкмөт бул жаатта талаптарга ылайык продукцияларды тоскоолдуксуз экспорттоону көздөп жатат. Ошондуктан бүгүнкү жыйынга аймактардагы бийлик өкүлдөрүн, ишкерлерди чакырып, маалымат берүүнү көздөдүк», - деди А.Имаров.

Ошондой эле жыйында ушул жылдан баштап Баткен жана Жалал-Абад облустарында да логистикалык борборлор курулуп баштагандыгы, алар пайдаланууга берилсе айыл чарба продукцияларын эскпорттоо иштери алдыга жылары айтылды.

Кыргызстан ЕАЭБге кошулганына быйыл 4 жыл болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×