Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ош облусуКара-Суу району 22.05.2019 20:21

Папан айыл өкмөтүнө жаңы башчы шайлангандан кийин тургундар нааразычылык билдирип чыгышты. Видео

Курманбек Мияшев
Курманбек Мияшев

Turmush -  Бүгүн, 22-май күнү Кара-Суу районуна караштуу Папан айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Курманбек Мияшев шайланган. Бирок жергиликтүү тургундар шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп чыгышты, деп билдирди аймактык кабарчы.

Чогулган эле Курманбек Мияшевди колдогон депутаттарды айыпташкан. Алар шайлоонун артында Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов турат деген пикирлерин билдиришти.

Айыл өкмөт башчысын шайлоого жергиликтүү кеңештин 21 депутаты катышкан. Жыйынтыгында депутаттардын 12 добушуна ээ болгон Курманбек Мияшев жаңы айыл өкмөт башчы болуп шайланган.

Шайлоого жалпысынан 5 талапкер ат салышкан. Алардын ичинен Сабыр Жалиев депутаттардын 7 добушуна ээ болсо, 2 депутат баарына каршы добуш берген.

К.Мияшев буга чейин Папан айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары болуп иштеген жана мурдагы айыл өкмөт башчы Эрмат Исмаилов сот иштерине байланыштуу убактылуу кызматынан кеткенде, анын милдетин аткарып турган.

Эрмат Исмаилов 26-апрель күнү өзү жазган арыздын негизинде кызматынан кеткен.

-------------------------------

Буга чейин Э.Исмаиловго жана анын жооптуу катчысы Радахан Самиевага мыйзамсыз жер сатуу боюнча Ош облустук прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголгон. Ал тергөө иштеринин алкагында убактылуу кызматынан бошотулган.

Кара-Суу райондук соту 2018-жылдын 25-декабрында Э.Исмаиловго жана жооптуу катчысына карата козголгон кылмыш иши боюнча чечимин чыгарган. Райондук сот Э.Исмаиловду актап, жооптуу катчысына 100 миң сом айып пул салган. Кийинчерээк Ош облустук соту дагы Кара-Суу райондук сотунун өкүмүн эч өзгөртүүсүз күчүндө калтырган.

-------------------------------

Буга чейин Папан айыл өкмөтүнүн айрым тургундары айыл өкмөт башчысы жана жер адиси жерди өздөрүнүн туугандарына жана капчыктууларга гана берип жаткандарын айтып келишкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×