Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Ош облусуКара-Кулжа району 24.05.2019 12:17 На русском

4 адамдын өмүрүн алган кырсык: Кара-Кулжада 35 метр бийиктен унаа кулап кетти

Иллюстративное фото
Иллюстративное фото

Turmush -  Кара-Кулжа районунда 35 метр бийиктиктен кулаган унаанын ичиндеги 4 адам каза болуп, 1 жүргүнчү ооруканага жеткирилди. Бул маалыматты Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан тастыкташты.

Кечээ, 23-май күнү Кара-Кулжа районунун Сай-Талаа айылында жол кырсыгы катталып, Кара-Кулжа РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө кырсыктын кесепетинен 4 адам каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге РИИБдин ыкчам тергөө тобу барган.

Кара-Кулжа районунун Кызыл-Жар айылынын 1991-жылы туулган тургуну Н.у.А. өзүнүн «УАЗ» үлгүсүндөгү унаасын башкара албай, жолдун четине чыгып кеткен. Унаа Тар дарыясына 30-35 метр бийиктиктен оодарылган. Кырсыктын кесепетинен айдоочу — Н.у.А., анын жубайы — М.к.А., 2 жүргүнчү — Кызыл-Жар айылынын 1991-жылы туулган тургундары Ж.у.Ж. жана Б.у.Н. окуя болгон жерден каза болушкан. Дагы бир жүргүнчү — 1990-жылы туулган М.у.К. денесинен ар кандай жаракат алып, Кара-Кулжа районунун аймактык ооруканасына жеткирилди.

Каза болгон жарандардын туугандары соттук-медициналык экспертизадан жана милицияга арыз жазуудан баш тартышкан. Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кара-Кулжа РИИБ тарабынан тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×