Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ош облусуКара-Кулжа району 24.05.2019 16:39 Жаңыланды: 24.05.2019 19:26 На русском

Видео — Кара-Кулжада 20 жылдык бүтүрүүчүлөр классташына 1 млн сомдук белек тартуулашты

Turmush -  Кара-Кулжа районунда 20 жылдык бүтүрүүчүлөр классташына үй куруп беришти. Бул тууралуу бүтүрүүчүлөрдүн бири Эрнис Кулназаров аймактык кабарчыга билдирди.

Кара-Кулжа айылындагы Эргеш Осмонов атындагы орто мектебинин 20 жыл мурунку бүтүрүүчүлөрү өздөрүнүн классташы Өмүрбек Пусуровго 3 бөлмөлүү үй курушкан.

Эргеш мырзанын айтымында, жалпы 37 классташ 1 млн сомго жакын акча каражатын чогултушту.

«Биз бул үйдү курганга чейин "мектепке жардам берсекпи" деп ойлонуп жатканбыз. Бирок кийинчерээк ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 1-топтогу майып досубузга үй берүүнү чечтик. Ал үй-бүлөсү менен буга чейин эски, шарты жок, кооптуу абалда турган 2 бөлмөлүү үйдө күн кечирип келген. Анын жубайы жана 2 баласы бар. Досубуз майып болгондуктан өз алдынча үй сала албайт болчу. Аны эске алып, заманбап үй куруп бердик. Андан сырткары бир досубуз өз каражатына кызыл кирпичтен дубал куруп берсе, дагы бир досубуз анын пайдубалын тургузуп берди. Үй курулуп бүткөндөн кийин сыналгы, килем, төшөк, идиш-аяк жана үй тиричилигине керектүү эмеректерди алып бердик. Азыр досубуз баарына ыраазычылыгын билдирип жатат», - деди Эрнис Кулназаров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×