Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ош облусуНоокат району 29.05.2019 15:50 На русском

Кимдин жээни? Жаңы-ноокаттыктар жаңы шайланган айыл өкмөт башчыга нааразы. Видео

Калмат Яртаев жана Мамажан Сатыбалдиев
Калмат Яртаев жана Мамажан Сатыбалдиев

Turmush -  Ноокат районуна караштуу Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн айрым тургундары жаңы шайланган айыл өкмөт башчы Надыр Орозалиевге нааразы. Тургундардын айтымында, Н.Орозалиев мурунку айыл өкмөт башчы Нормухаммад Юлчиевдин бир тууган жээни. Бул тууралуу бүгүн, 29-май күнү АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында билдиришти.

Тургундардын айтымында, Н.Юлчиев тууганын айыл өкмөт башчысы кызматына алып келүү үчүн жергиликтүү кеңештин депутаттарынын тандоосуна таасир эткен. Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн жашоочусу Калмат Яртаев эл мурунку айыл өкмөт башчыга дагы нааразы болуп келгенин билдирди.

«Көп жерди сатып жиберди. Кийин эле пенсияга чыгып кетиптир. Ал 12 жылдан ашуун айыл өкмөт башчы болуп иштеди. Мен ага канча ирет кайрылып, балама жер ала албай койгом. Эми эл жашабаган, жардын түбүндөгү жерден бериптир. Ал жакка балам кантип үй салат, кантип жашайт? Мындан сырткары акчасын берген адамдар көп жылдардан бери жер ала албай жүрүшүптүр», - дейт К.Яртаев.

Аталган айыл өкмөттүн дагы бир тургуну Мамажан Сатыбалдиев 50-60 миң сом акча берип, жер ала албай жүргөн тургундар дагы бар экенин айтты.

«Биз элдин атынан келдик. Айыл өкмөттүн иштери боюнча сотуна да, прокуратурасына да кайрылдык. Бирок эч жыйынтык чыккан жок. Анан президентке кайрылсак, жооп келди.

27-май күнү Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн башчысы кызматына шайлоо болуп, мурунку айыл өкмөт башчынын жээни шайланган. Шайлоого 30 депутат катышса, алардын арасынан 26 депутат биз нааразы болуп жаткан адамды колдошкон. Депутаттар элдин таламын талашкан жок.

Урматтуу президент, арыз-муңубузду угуп, көйгөйүбүздү чечип берүүнү суранабыз», - деди М.Сатыбалдиев.

Ал эми Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн мурунку башчысы Нормухаммад Юлчиев маалымат жыйын уюштургандарды «дежурлар» деп атап, алардын айтканын четке какты.

«Маалымат жыйынга барган аксакалдар 2016-жылы да мага карата жалган маалыматтарды айтышкан. Маалымат жыйынга катышкан аксакалдардын бирөөсүнүн жээни айыл өкмөт башчысы кызматына талапкерлигин коюп, 3 депутаттын добушун алган. Ал эми менин жээним 26 добуш алган. Жээнимдин талапкерлигин мен көрсөткөн жокмун да. Жээним буга чейин айыл өкмөттө, социалдык фонддо иштеген. Жаш кадр. Ошондой эле мен элден 50-60 миң сом акча алган эмесмин. Бул жалган. Буга чейин да мени "130 гектар жерди Өзбекстанга сатып жибериптир" деп айыптап чыгышкан», - дейт Н.Юлчиев.

Turmush басылмасы 27-май күнү Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө жаңы башчы шайланганын жазган.

Айыл өкмөттүн башчысынын орун басары Мухамадали Хайдаралиевдин айтымында, мурдагы айыл өкмөт башчысы Нурмухаммад Юлчиев өзү жазган арыздын негизинде кызматынан кеткен.

«31 жаштагы Надыр Орозалиев айыл өкмөт башчылыгына шайланды. Ага жергиликтүү кеңештеги 31 депутаттын ичинен 26 депутат добуш беришкен. Айыл өкмөт башчысы 4 жылга шайланат, бирок жаңы шайланган айыл өкмөт башчысы 2020-жылдын декабрь айына чейин гана иштейт. Себеби парламенттик шайлоодон кийин аймактык кеңештерге кайрадан шайлоо болот. Надыр Орозалиев буга чейин айыл өкмөттө ага салыкчы болуп иштеп келген», - деген Мухамадали Хайдаралиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×