Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Ош облусуКара-Суу району 31.05.2019 09:12

Папан айыл өкмөтүн Курбанбек Мияшев жетектейт

Курбанбек Мияшев
Курбанбек Мияшев

Turmush -  Ош облусунун Кара-Суу районундагы Папан айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Мияшев Курбанбек Абдылдаевич шайланды. Шайлоо 27-майда өткөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.

К.Мияшев 1971-жылы Папан айыл өкмөтүнүн Ак-Терек айылында төрөлгөн. Жогорку билимдүү. 1997-жылы Ош технологиялык университетинен ТБУ инженери адистигин алып чыккан.

Эмгек жолу:

- 1988-1989-жылдары – Папан совхозу, слесарь-механик;

- 1989-1991-жылдары – армияда кызмат өтөгөн;

- 1993-1994-жылдары – Ош ИИБ инспектору;

- 1994-2007-жылдары – «Аргымак» жеке менчик фирмасы, жумушчу;

- 2007-2008-жылдары – Актерек айыл аймагынын башчысы;

- 2010 – 2014-жылдары – Папан айыл аймагынын маалымат жана миграция бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;

- 2017-жылы – Папан айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары.

Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×