Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Ош облусуКара-Кулжа району 03.06.2019 07:44

Ош, Жалал-Абад жана Ысык-Көлдө айыл өкмөт башчылар шайланат. Кимдер талапкер боло алат?

// АКИpress

Turmush -  Ысык-Көл, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы айрым айыл өкмөттөрдө жаңы башчылар шайланат. Айыл өкмөт башчыларды шайлоо 14-июнда боло турганын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Айыл өкмөт башчыны шайлоо үчүн жергиликтүү кеңештердин депутаттары саат 09:00дөн тарта 12:00гө чейин добуш беришет.

14-июнда шайлоо өтө турган айыл өкмөттөр:

- Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Садыр-Аке айыл өкмөтү;

- Ош облусунун Араван районунун Төө-Моюн айыл өкмөтү;

- Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кызыл-Жар айыл өкмөтү;

- Жалал-Абад облусунун Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү.

Ысык-Көл, Араван, Кара-Кулжа жана Сузак аймактык шайлоо комиссияларына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык шайлоо өткөрүүнү уюштуруу тапшырмасы берилди.

Айыл өкмөт башчылыкка кимдер талапкер боло алат?

«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамдын 48-беренесине ылайык: - жогорку билимдүү;

- мамлекеттик жана муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес эмгектенген;

- же билим берүүчү, саламаттыкты сактоочу мамлекеттик мекемелерде же уюмдарда, мекемелерде жана жеке менчик чарба субъекттеринде жетекчилик кызматтарда 3 жылдан кем эмес эмгектенген Кыргыз Республикасынын жарандары айыл өкмөт башчысы кызматына талапкер болууга укуктуу.

Соттуулугу бар жарандар талапкер боло албайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×