Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Ош облусуКара-Кулжа району 03.06.2019 14:09 На русском

Президент С.Жээнбеков окуган мектептин бүтүрүүчүлөрү учкан уясына өзгөчө белек тартуулашты (сүрөт)

Turmush -  Кара-Кулжа районундагы Б.Эшманбетов орто мектебинин 11-классынын бүтүрүүчүлөрү мектебине 7 чоң сыналгы алып берип, аларды интернетке улаштырышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган мектептен билдиришти.

Б.Эшманбетов орто мектебинин бүтүрүүчүлөрү мектебин санариптештирип, эми сабак учурунда керектүү маалыматтарды интернеттен алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Демилгенин максаты — окуучулардын билим алуусун өркүндөтүү болуп саналат.

Буга чейин Turmush басылмасы президент Сооронбай Жээнбеков Кара-Кулжа районунун Б.Эшманбетов атындагы мектепте билим алганын жазган. Ал 1966-жылы мектеп босогосун аттаса, 1976-жылы аяктаган.

Б.Эшманбетов орто мектебинин учурдагы директору Зоя Нурматованын айтымында, мектеп 1955-жылы негизделген. Ал мезгилде имарат 1 кабаттуу болуп, Сталин орто мектеби деп аталчу. Кийинчерээк Кара-Кулжа орто мектеби болуп өзгөртүлүп, ошол эле мектеп 1970-жылы 3 кабаттуу, 640 орундуу, спорт залы бар билим берүү мекемесине айланган. Союз тарагандан кийин мектеп Б.Эшманбетов атындагы лицей класстары бар орто мектеп болуп өзгөргөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×