Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Ош облусуЧоң-Алай району 05.06.2019 14:53 На русском

Айыл турмушу: Чепкени 80 миң сомго бааланган «Шайыр апалардын» бизнеси жана чыгармачылыгы (видео)

Бүалима Маматкожоева (сол жакта)
Бүалима Маматкожоева (сол жакта)

Turmush -  Чоң-Алай районунун Чак айылынын 68 жаштагы тургуну Бүалима Маматкожоева үйүндө бош отурбастан кол өнөрчүлүк менен алектенип, «Шайыр апалар» тобун түзгөн. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Шайыр апалар» тобу райондук, облустук маданий иш-чараларга активдүү катышып келет. Б.Маматкожоева ушул убакка чейин бала чоңойтуп, жолдошуна жардам берип келсе, эми өзүнө убакыт бөлгөнүн айтат.

«Жолдошум мамлекеттик кызматтарда иштегендиктен тоолуу аймактарда бала багып, мал карап, кайын эненин дагы кызматын кылып жүрдүм. Жогорку окуу жайда окубай калганыма өкүнөм. Түшүмдө колума толтура китеп кармап алып, дубалдардан секирип өтүп жүрө берчүмүн. Балдарымды жогорку билимдүү кылып, үйлөнтүп, анан "Шайыр апаларга" кошулдум. Жолдошум "эми өзүң үчүн жаша" деп материалдык, моралдык жактан колдойт. "Шайыр апалар" тобу Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн атынан райондук, облустук маданий иш-чараларга катышат. Курамында алгач 15 аял бар болчу. Бирөө ажылыкка кетип, бирөө намаз окуп, учурда он үчөөбүз калдык. Дароо музыка чөйрөсүнө кошулуу кыйын экен, бирок бир калыпка түшүп калдык», - дейт Б.Маматкожоева.

Музыкага кызыккан Бүалима эне келинине аккордеон алып берген. Ошондой эле келини менен бирге кол өнөрчүлүк менен алектенип, чогуу маданий иш-чараларга даярданышат. Бүалима апа кол өнөрчүлүктүн таар согууну бренд кылууну көздөп жатат.

Б.Маматкожоева менен бирге кол өнөрчүлүк менен алектенгендердин катарында Дилбар Салибаева, Данагүл Алпаизова, Майрам Матраимова, Зыйнат Мамаевалар бар. Алар таар, килем жана унаалар үчүн килемдерди буюртма алып жасашат. Апалар жасаган аттын оромосу (сырты таардан, ичи кийизден жасалган ат жабуу) 17 миң сомго бааланса, пиязы чапаны (төөнүн жүнүнөн жасалган чепкен) 80 миң сомго бааланат. Аны жасаш үчүн төөнүн жүнүн ийрип, аны казанга улпак, туз кошуп кайнатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×