Бөлүмдөр
Жекшемби, 8-декабрь
Ош облусу, Ош 07.06.2019 09:35

Ошто Өзбекстан менен Кыргызстандын депутаттарынын жыйыны жабык эшик артында өттү

Turmush -  Кечээ, 6-июнь күнү Ош шаарында кыргыз-өзбек парламенттер аралык кызматташтык жыйыны жабык эшик артында өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Жыйында эки өлкөнүн ортосундагы чек ара, маданий жана экономикалык көйгөйлөр талкууланды. Жогорку кеңештин депутаты Алмазбек Акматов («Бир бол») кайсы чектешкен аймактар тууралуу сөз болгонун айта албай турганын жана бул жыйын достук жолугушуусу экенин билдирди.

«2017-жылы Кыргызстандын парламентинин айрым депутаттары Ташкент шаарына барган. Ошол жерде эки тараптын депутаттары парламенттер аралык комиссия түзүшкөн. Негизги максаты — эки өлкөнүн ортосундагы достукту бекемдөө. Өзбекстандан келген вице-спикер мындай жолугушууну 20 жылдай күтүшкөнүн, достук жогору турарын белгиледи. Алгачкы отурум 2017-жылы Фергана шаарында өткөрүлүп, анда 2017-2018-жылдарга карата иш-чаралардын тизмеси түзүлгөн. Бүгүн ошол иш-чаралардын үстүнөн иш алып барып жатабыз. Эки өлкөнүн негизги көйгөйү болгон чек ара маселеси да талкууланды. Бирок азыр кайсы аймактар бизге же аларга өткөрүлө турганын так айта албайм», - деди А.Акматов.

«Баракелде» басылмасы билдиргендей, кечээ, 6-июнь күнү Өзбекстан Олий Мажлисинин парламенттик делегациясын «Достук» көзөмөл-өткөрмө пунктунда Жогорку Кеӊештин депутаттары Алмазбек Акматов, Асел Кодуранова, Нодирбек Каримов тосуп алышкан.

Парламенттер аралык комиссия көӊүл бура турган дагы бир жагдай Өзбекстан Олий Мажлисинин Сенатынын төрагасы Н.Юлдашевдин Кыргызстанга боло турган расмий сапары болду. Мындан тышкары парламенттер аралык комиссиянын кийинки жыйынын кайда өтөрүн белгилөө маселеси да күн тартибине киргизилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×