Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ош облусу, Ош 09.06.2019 21:30 На русском

Сүрөт — Ошто жаңы футбол аянтчасы пайдаланууга берилди

Turmush -  Ош шаарынын Жапалак айыл аймагына караштуу Гүлбар-Төлөйкөн айылында кичи футбол аянтчасы пайдаланууга берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Аталган футбол аянтчасын демөөрчүлөрдүн каражаты менен жергиликтүү тургундар өздөрү курган.

Футбол аянтчасынын ачылыш аземине Жогорку Кеңештин депутаты Абдувахап Нурбаев (КСДП) жана жергиликтүү тургундар катышкан. Анын алкагында атайын мелдеш уюштурулган. Мелдеште 16 команда күч сынашып, жеңүүчү болгон командаларга акчалай сыйлыктар тапшырылган. Мелдештин байге фонду 50 миң сомду түздү.

Жаңы футбол аянтчанын аянты 800 чарчы метрди түзөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×