Бөлүмдөр
Ишемби, 14-декабрь
Ош облусу, Ош 11.06.2019 16:00

Ошто кайсы чиновниктин таякеси ижара акыны төлөбөй жатат?

Turmush -  Бүгүн, 11-июнь күнү Ош шаардык кеңешинин кезектеги 21-сессиясы өтүп жатат. Жыйында «Республика—Ата Журт» фракциясынын депутаты Акбарали Батыров вице-мэр Нурбек Кадыровго кайрылып, анын бир тууган таякеси ижарага алган жай үчүн 214 миң сом төлөй элек экенин билдирди.

«Шайлоочулар бир маселени айтып коюумду суранышты. Шаардагы бир ишкана 214 миң сом ижара акысын төлөй элек экен. Урматтуу Нурбек Сүйүнбаевич, ал ишкана сиздин бир тууган таякеңизге таандык экени айтылууда. Эгер бул маалымат туура эмес болуп калса, сизден кечирим сурайм», - деди А.Батыров.

Ал эми шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысынын орун басары Муктарали Шамшиев төлөнбөй жаткан ижара акыны сот аркылуу өндүрүшөрүн белгиледи.

Ош шаарында 4 вице-мэр иштейт. Алар — Нурбек Кадыров, Асылбек Топчубаев, Саибжан Турдуев, Жасур Азимов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×