Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Ош облусу, Ош 12.06.2019 17:14

Улуттук оюндарды жайылтууга арналган «Балдар оюндарынын кербени» Ошто старт алды

Turmush -  Окуучулардын арасында улуттук оюндарды жайылтуу максатында уюштурулган «Балдар оюндарынын кербени» алгачкы жолу Ош шаарынан башталды. Иш-чаранын ачылышы 6-июнь күнү шаардагы А.Навои атындагы орто мектебинде өткөрүлгөн. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Уюштуруучулардын айтымында, аталган долбоор балдар арасындагы ынтымакты чындоого жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды колдоого багытталган.

«Иш-чаранын алкагында 25 улуттук оюндарды көрсөтүп, үйрөтөбүз. Ошондой эле балдарга 10дон ашык спорттук оюндарды ойнотобуз», - деди уюштуруу тобунун мүчөсү Айжан Абдысова.

Улуттук оюндарды окуучулар арасында жайылтуу максатында уюштурулган аталган кербен Ош шаарында старт алып, 1 айдан ашык убакыттын ичинде өлкөнүн бардык облустарында өткөрүлөт.

Аталган долбоорду Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Бириккен улуттар уюмунун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) менен биргеликте өткөрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×