Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ош облусу, Ош 13.06.2019 09:47 На русском

«Бөлүм башчыдан көрө министрди кызматтан алган оңой»: Оштун мэри муниципалдык менчик башкармалыгы жөнүндө

Turmush -  11-июнь күнү Ош шаардык кеңешинин кезектеги 21-сессиясы өттү. Жыйындын жүрүшүндө шаардык кеңештин депутаты Сейиткасым Курбаназаров «Евростиль» курулуш компаниясы куруп жаткан көп кабаттуу үйдүн бузулушу тууралуу шаардын мэри Таалайбек Сарыбашовго кайрылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Сейиткасым Курбаназаров: - Урматтуу Таалайбек Насирбекович, бузулуп баштаган көп кабаттуу үйдүн маселеси боюнча... Ишкерлерди колдоо жөнүндө мыйзам бар да. Ошол боюнча жооп берип койсоңуз.

Мэр Таалайбек Сарыбашов: - Бул маселе массалык маалымат каражаттарында да көтөрүлбөдүбү. Жергиликтүү эл дагы президентке чейин кайрылды. Эгерде мыйзамсыз курулган болсо, эмне үчүн бузбашыбыз керек? Ал көп кабаттуу үй мыйзамсыз экен. Мындай кылбасак, шаарда тартип болбойт. Эртең көрүнгөн жерге курулуш куруп салышат. Ишкерлерди колдоп жатабыз, бирок колдоо мыйзам чегинде гана болушу керек.

Ошондой эле жыйында «Мекеним Кыргызстан» фракциясынын депутаты Шайырбек Нуранов шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматкерлерин сындады.

«Батыш кичи районунда базар бузулуп, аллея курулганы жатат. Сонун болуп калды, бирок элдин айтымында, башкармалыктын кызматкерлери кайра эле мыйзамсыз курулуштарга уруксат берип жатышыптыр», - деди Ш.Нуранов.

Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысынын орун басары Муктарали Шамшиев депутаттын суроосуна жооп берип жатып, факт болсо чара көрүлөрүн билдирди.

«Уруксат берген жокпуз. Өздөрү эле көп кабаттуу үйлөрдүн арасына куруп жатышат», - деди М.Шамшиев.

Депутат Ш.Нуранов: - Мен атайын орган эмесмин факт менен айткандай, мен элдин айтканын айтып жатам.

Сөзгө аралашкан мэр Таалайбек Сарыбашов жакынкы күндөрү атайын рейд уюштурула турганын билдирди.

«Мен өткөндө эле айткам, булардын бөлүм башчысын иштен алгандан көрө министрди кызматтан алган оңой. Урматтуу жетекчи, эмгек жамаат менен чогулуш өткөрүңүз. Мэр, депутаттар да айтты деңиз. Бишкектеги саммит (Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйыны) бүткөндөн кийин мыйзамсыз курулган көп кабаттуу үйлөргө рейд жүргүзөбүз. Ошондо ким уруксат берсе, жерди өз каражатына калыбына келтирет», - деди мэр.

Turmush басылмасы 7-июнь күнү Ош шаардык мэриясынын коллегиялык жыйыны өткөнүн жазган. Жыйында шаардагы бир катар мекеме-ишкананын жетекчилери сынга кабылган.

Сынга кабылгандардын катарында Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси дагы бар болчу. Мэр Таалайбек Сарыбашов Бишкектеги бир соода борборун мисал кылып, аны курдурган саясатчы жакшы киреше таап жатканын айткан.

«Саясатчы кичинекей соода борборунан 350 миң доллар пайда таап жатат. А бизде чоң шаарда 30 млн сом ижара акысын чогултуп жатасыңар. Башкармалыктын бөлүм башчысын жумуштан алгандан көрө министрди кызматтан алуу оңой. Себеби бөлүм башчыда "доля" бар экен. Силерге 150 млн сом десек чогулта аласыңар. Болгону өзүңөр кызыкдар эмессиңер», - деген мэр.

------------------------------------------

Буга чейин Turmush басылмасы Ош шаарындагы А.Масалиев көчөсүндө мыйзамсыз курулуп жаткан көп кабаттуу үйдү бузууга 1 ай убакыт берилгенин жазган.

13 кабаттуу үйдү мыйзамсыз куруп жаткан «Евростиль» курулуш компаниясы курулушту өздөрү бузмай болушкан. Себеби аталган үй курулуп жаткан аймакта тектоникалык жарака бар экени айтылган.

Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын маалыматына караганда, курулуш компанияга аталган жерде үй курууга уруксат берилген эмес. Буга чейин Мамэкотехинспециянын Ош шаары боюнча аймактар аралык башкармалыгы жана мэрия тарабынан дагы бир нече ирет курулушту бузуу боюнча эскертүү берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×