Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Ош облусуКара-Суу району 13.06.2019 12:44 На русском

«Жардам бере албайбыз»: Ток уруп, башына операция жасаткан электрик 8 жылдан бери компенсация ала элек. Видео

Кадырбек Казаков
Кадырбек Казаков

Turmush -  Кара-Суу районуна караштуу Кыргыз-Чек айылынын тургуну Кадырбек Казаков Ош райондук электр тармактарында (РЭС) 25 жыл иштеген. Ал 2011-жылдын 12-мартында жумуш учурунда күтүүсүз кырсыкка кабылып, 2-3-даражадагы күйүктөрдү алган. Бирок ушул күнгө чейин РЭС тарабынан ага эч кандай компенсация төлөнүп бериле элек. Бул тууралуу Кадырбек Казаков өзү аймактык кабарчыга билдирди.

К.Казаковдун эжеси Гүлүм Казакованын айтымында, кырсык болгон окуядан сегиз жыл өтүп, ушул жылы инисинин башына операция жасалган.

«Ош шаарындагы подстанцияны оңдоп-түзөөдөн өткөрүү учурунда инимди ток урган. Токтун чыңалуусу күчтүү болгондуктан ал эки метрдей артка ыргып түшүп, бети толугу менен күйүп калган. Мен ооруканага келгенде анын эки бети капкара болуп калган экен. Ооруканада бир ай жатты. Ошол учурда кызматын ойлогон жетекчилер “кырсык жумуштан сырткары учурда, көчөдө болду деп айткыла. Антпесе прокуратура текшерет” дешкен. Биз ошондо кыргызчылык кылып, макул болуп койгонбуз. РЭС инимдин бир айлык дары-дармектерин гана төлөп берди. Эч кандай компенсация төлөнгөн жок. Иним ооруканадан чыккандан кийин кайра жумуш ордуна барды. Анан ушул жылдын 28-январында инимдин башы ооруп, жумуш учурунда жыгылып калыптыр. Облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасына алып барсак, “иниңизге жардам бере албайбыз. Бишкекке алып барыңыз” деп айтышты. 31-январь күнү Республикалык госпиталдын хирургия бөлүмүнө бардык. Дарыгерлер дароо “иниңиз мурда башына катуу сокку алды беле же автокырсыкка кабылды беле?” деп сурашты. Болгон окуяны айтып бердим. Дарыгерлер “операция жасайбыз, бирок өмүрүнө кепилдик бере албайбыз. Сиз макул болсоңуз жасайбыз” дешти. Макул болдум. Операциядан аман-эсен чыкты. Биз эки эле бир тууганбыз. Иниме операция жасатуу үчүн 300 миң сомдон ашык карыз болдум. Бир дарысын 2000-3000 сомго сатып алам. Иним Ош РЭСте 25 жыл иштеди. Дем алыш күндөрү дагы нөөмөттө туруп, дем алышсыз иштечү. Жогорку билимдүү. Ага карабай РЭСтеги жетекчилер анын кызмат ордун карашпай, 25 жыл бою жөнөкөй электрик болуп иштеди. Иним менен чогуу жумушка орношкондор орун басар болушту. Анын эмгеги бааланбайбы? Компенсация төлөп бергиле десем, "Ош электр" ишканасынан атайын комиссия келип, инимди текшерип, “абалың чын эле оор экен. Бирок дарыларың кымбат экен. Биз жардам бере албайбыз” дешти. Оозубуз ачылган бойдон калып калдык. Бул иш боюнча арыз менен Ош шаардык сотуна "РЭС 1 миллион сом компенсация төлөп берсин" деп кайрылгам. Иш азырынча карала элек», - дейт Гүлүм Казакова.

Ал эми учурда жардамга муктаж болуп турган Кадырбек Казаков 8 жыл мурдагы кырсык жумуш учурунда болгонун айтууда.

«Мен башымдан 4-5 сааттык оор операцияны өткөрдүм. Азыр абалымды жакшы деп айта албайм. Ушундай оор күндөрү жанымда бир тууган эжем эле калды. Ойлоп көрсөм, жумушумду аябай жакшы көрчү экенмин. Дем алыш күндөрү да “нөөмөткө туруп койчу” дешсе, макул болуп жүрө бериптирмин. Азыр өзүм жардамга муктаж болуп турган кезимде ошол мен сүйгөн жумушум эч нерсе кылып берген жок. Баары тетири карап, басып кетишти», - деди Кадырбек Казаков.

«Ош электр» ачык акционердик коому менен байланышканыбызда жетекчилери учурда Караколдо иш сапары менен жүрүшкөнүн айтышып, 4 күндөн кийин маалымат беришээрин билдиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×