Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Ош облусу, Озгон 13.06.2019 18:26 На русском

Өзгөндө балдардын жайкы лагери иштей баштады (сүрөт)

Turmush -  10-июндан тарта Өзгөн шаарындагы Амир-Тимур атындагы орто мектебинин алдындагы жайкы балдар лагери иштеп баштады. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Жайкы лагердин ачылыш аземине мэриянын башкы адиси Айдана Арстанбекова, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Абзалидин Шарабидинов, коомдук фонддун өкүлдөрү, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы жана ата-энелер катышкан.

Лагерге келе турган балдардын тизмеси шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан түзүлөт. Тизменин 70 пайызы жарым-жартылай жетим балдар жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары түзсө, 30 пайызын жакшы окуган окуучулар түзөт.

Лагерде 10-июндан 22-июнга чейин 100 бала, 24-июндан 8-июлга чейин 100 бала эс алат. Алардын эс алуусуна жергиликтүү бюджеттен 200 миң сом бөлүнүп, шаардык билим берүү бөлүмүнүн эсебине которулган. Бөлүнгөн акча балдардын тамак ашына жумшалат. Ал эми тарбиячылардын эмгек акысы «Биз эл үчүн» коомдук фонду тарабынан каржыланат.



Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×