Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Ош облусу, Ноокат 13.06.2019 20:00

Ноокатта таксисттерди салык төлөөгө чакырышты (сүрөт)

Turmush -  Ноокат шаарында салык төлөгөн таксисттер гана кызмат көрсөтө башташты. Бул тууралуу Ноокат шаардык мэриясынан билдиришти.

11-июнь күнү мэр Жоомарт Нурдинов, райондук салык кызматынын башчысы Б.Нурматов жана райондук жол кыймылынын коопсуздук кызматынын жетекчиси А.Эсенбаев шаар аймагында жүргүнчүлөрдү ташыган айдоочулар менен жолугушту. Алар айдоочуларды патент алып, салыкты убагында төлөөгө чакырышты. Ошондой эле салык кызматынын кызматкерлери тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жеңилдиктер, жергиликтүү бийлик тарабынан айдоочуларга карата колдоо көрсөтүү тууралуу маалыматтарды беришти. Аны менен катар таксисттерге тургундарга сапаттуу кызмат көрсөтүү талабы коюлду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×