Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ош облусу, Ош 14.06.2019 17:31

Ошто спорт сүйүүчүлөр чуркап, таштандыларды тазалашат

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Спорт сүйүүчүлөр Ош шаарынын тургундарын тазалыкка чакыруу максатында «Таза шаар» деп аталган марафондо чуркашат. Бул тууралуу иш-чараны уюштуруучулардын бири Мамасалы Ташматов аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, марафон 15-16-июнь күндөрү өтөт жана Ош шаарындагы борбордук аянтта таңкы саат 6:00дө башталат.

«Биз борбордук аянттан Ленин көчөсү аркылуу А.Навои көчөсүнө, андан кийин А.Масалиев проспектиси аркылуу Түштүк-Чыгыш кичи районундагы жогорку окуу жайга чейин чуркайбыз. Андан соң Сулайман-Тоону көздөй чуркап, ошол эле учурда таштандыларды тазалайбыз. Бардык каалоочуларды чакырабыз», - деди М.Ташматов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×