Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ош облусу, Ош 17.06.2019 09:40 На русском

Ошто ишкер айымдар жармаңкеде тажрыйба алмашып, товарларын сунушташты. Сүрөт

Ош шаарында өткөн жармаңке
Ош шаарында өткөн жармаңке

Turmush -  14-июнь күнү С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында «Евразия бизнес айымдары — 2019» жармаңкеси өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Жармаңкеге Кыргызстандын түштүк аймагындагы ишкерлер, ошондой эле коңшу өлкөлөрдөн келген бизнесмендер катышты. Соода-өнөр жай палатасынын түштүк департаментинин вице-президенти Орозбек Эргешовдун айтымында, иш-чаранын максаты — ишкерлердин башын бириктирип, тажрыйба алмашуу.

«Аталган көргөзмө-жармаңке 3 жылдан бери өткөрүлүп келет. Иш-чарага Өзбекстандын 35 компаниясынан 60 адам келди жана Ирандын 1 компаниясы, Кытайдын 2 компаниясы өз продукциялары менен тааныштырышты. Ал эми Индиянын ишкерлери виза маселесине байланыштуу келе албай калышты. Жармаңкеге Кыргызстандын түштүк аймагындагы бардык ишкерлер катышты. Ишкерлердин максаты — товарын сунуштап, сатуу эмес, бири-бири менен таанышып, көйгөйлөрүн чогуу чечүүгө аракеттенүү. Бизнес тармагында аялдардын да ролу чоң. Ишкер айымдар тигүүчүлүк жана кол өнөрчүлүк тармагында өнүгүп жатышат. Аларга бизнести өнүктүрүү, товарды сатуу боюнча маалымат берилди», - деди Орозбек Эргешов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×