Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Ош облусу, Ош 18.06.2019 09:44

Ошто кан донорлорунун басымдуу бөлүгүн аялдар түзөт (сүрөт)

Бүткүл дүйнөлүк кан донорлорунун күнүнө карата уюштурулган акция
Бүткүл дүйнөлүк кан донорлорунун күнүнө карата уюштурулган акция

Turmush -  14-июнь күнү Ош шаарында Бүткүл дүйнөлүк кан донорлорунун күнүнө карата акция уюштурулду. Ага көп жылдардан бери кан тапшырып келе жаткан донорлор жана шаардагы кан борборлорунун дарыгерлери катышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Уюштуруучулардын бири Анара Аманбаеванын айтымында, Кыргызстанда ыктыярдуу кан тапшыргандардын саны аз. Ошондуктан иш-чара канга муктаж болгон жарандарга жардам берүү жана кан донорлорунун санын көбөйтүү максатында уюштурулган.

«Иш-чарага көп жылдардан бери өз ыктыяры менен активдүү түрдө кан тапшырып жүргөн 40тан ашуун донорлор катышып жатат. Алар үчүн атайын белектер камдалган. Бүгүнкү күндө донорлордун көпчүлүк бөлүгүн аялдар түзүүдө», - деди Анара Аманбаева.

Акцияга катышып жаткан 26 жаштагы Нурсултан Абазов 2016-жылдан бери кан тапшырып келет. Ал алгач досунун атасына кан берген. Н.Абазов донор болуу бул адамдын өмүрүн улоо дегенди түшүндүрөрүн кошумчалады.

«Досумдун атасы ооруп калып, кан тапшыргам. Муктаж адамдарга жардамың тийип жатса, бул сага ырахат тартуулайт. Мен эки-үч айда бир жолу кан тапшырып турам. Кан тапшырып туруу ден соолукка дагы пайдалуу», - деди ал.

Жыл сайын 14-июнда Бүткүл дүйнөлүк кан донорлорунун күнү белгиленет. «Донор» деген сөз латын тилинен которгондо «белек кылуу» дегенди түшүндүрөт. Аталган акция соңку 5 жылдан бери уюштурулуп келет.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×