Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Ош облусуАраван району 18.06.2019 11:26 На русском

Аравандын Төө-Моюн айыл өкмөтүнө жаңы башчы шайланды

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Араван районуна караштуу Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Мирлан Орозбаев шайланды. Бул тууралуу акимдин орун басары Музафар Мамасаидов билдирди.

Жаңы айыл өкмөт башчы 14-июнь күнү шайланган. Шайлоого жергиликтүү кеңештеги 21 депутаттын ичинен 20 эл өкүлү катышып, 4 талапкер ат салышкан. Шайлоонун жыйынтыгында Мирлан Орозбаев депутаттардын 11 добушуна ээ болгон.

М.Орозбаев буга чейин 2 жыл Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары болуп иштеген. Соңку 3 жылдан бери бейөкмөт уюмдар менен иштешип жүргөн. Учурда 36 жашта.

Ал эми Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Санжар Абдуллаев өзү жазган арыздын негизинде кызматынан кеткен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×