Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Ош облусу, Ош 26.06.2019 11:11

Ош шаардык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу комбинатына жаңы жетекчи дайындалды

Turmush -  Ош шаардык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу комбинатынын башчысы болуп Данияр Токторбаев дайындалды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Данияр Токторбаев шаардагы көрктөндүрүү жана жашылдандыруу комбинаты муниципалдык ишканасынын директору кызматына бүгүн, 26-июнда дайындалып, эмгек жамаатка тааныштырылды. Буга чейин ал аталган ишкананын жетекчисинин орун басары болуп эмгектенген.

Ал эми ишкананын мурдагы жетекчиси Айгүл Наватова өзү жазган арыздын негизинде кызматынан бошотулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×