Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Ош облусу, Ош 28.06.2019 18:15 На русском

Кара-Суудагы жетекчилер телефон чукулаганы үчүн дубан башчыдан жеме укту

Turmush -  Кара-Суудагы мамкаттоонун жетекчиси менен архитектура бөлүмүнүн башчысы телефон чукулаганы үчүн дубан башчыдан жеме укту. Бул тууралуу аталган өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев 26-июнь күнү Кара-Суу районунда иш сапар менен болду. Алгач инновациялык класстары бар Сыдык Алайчы атындагы орто мектепке барып, Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында заманбап техникалык жабдуулар жана жаңы окуу жылга карата оңдоп-түзөө иштери менен таанышты.

Ушул мектептин менталдык арифметика боюнча эл аралык олимпиадасынын жеңүүчүсү болгон окуучулары жана ата-энелери менен жолугушууда жол акы маселеси айтылды. Облус жетекчиси Мады айыл өкмөт башчысына жергиликтүү деңгээлдеги шаан-шөкөттү азайтып, балдардын келечегине инвестиция салуу, ар түрдүү ийримдерди, ЖРТга даярдоочу курстарды, ушундай олимпиадаларды каржылоого аракет көрүү тапшырмасын берди.

Мындан сырткары жаңыдан курулган кичи футбол аянтчалары менен таанышты. Бул айыл жаштарын бекерчиликтен алыстатып, көчө-көчө болуп мушташуунун санын кескин кыскартып, спортчулардын катарын толуктоого өбөлгө болгон.

Андан кийин айылдык ооруканага барды. Ал 75 орунга ыңгайлашкан, 9 бөлүмү бар. Төрөт бөлүмүндөгү капиталдык оңдоп-түзөө иштеринен кийин жаңы төрөгөндөргө мыкты шарттар түзүлгөн.

Андан соң Мады айыл аймагынын тургундары менен үстүбүздөгү жылдын алкагындагы 1-жарым жылдыктагы аткарылган иштер, пландардын аткарылышы, 2-жарым жылдыкка пландалган иштердин актуалдуулугу тууралуу элдик жыйында Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов, Мады айыл аймагынын башчысы Жамшит Матанбаев маалымат беришип, элдин суроолоруна бардык райондук жетекчилер жооп беришти. Мүлктү каттоо тууралуу калпыстыктар, аныктама берүү, арзандатылган пайыздуу насыялар тууралуу жашоочулардын суроосуна жооп бере албай калган жетекчилерге өкмөттүн өкүлү «тургундар суроо бергенде угуп, көйгөйдү чечүүнүн аракетин көргүлө. Эл бар, анан биз жетекчибиз» деп эскертүү берди. Кара-Суу районунун мамкаттоо кызматы менен архитектура бөлүмүнүн башчысы элдин суроолоруна жооп бере албай, облус башчыдан жеме укту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×