Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ош облусу, Ош 28.06.2019 23:00

Ошто ИИМдин ардагерлеринин спорттук мелдеши жыйынтыкталды

Turmush -  Ош шаарында кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 95 жылдык мааракесине арналган ИИМдин ардагерлер арасында спорттук мелдеши жыйынтыкталды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, мелдешке Ош ОИИБдин ардагерлер кеңешинин командасы, Алай, Араван, Кара-Кулжа, Кара-Суу, Ноокат жана Өзгөн райондордун ардагерлер командалары катышып, шахмат, теннис, волейбол жана күжүрмөн куралдан ок атуу боюнча күч сынашты.

Жыйынтыгында 7 команданын ичинен 3-орунду Өзгөн РИИБдин ардагерлер кеңешинин курама командасы ээледи. 2-орунду Ноокат РИИБдин ардагерлер кеңешинин курама командасы, 1-орунду Ош ОИИБдин ардагерлер кеңешинин курама командасы утуп алышты.

Ал эми Макаров тапанчасынан ок атуу боюнча мелдештин жеңүүчүлѳрү:
- 3-орунга Өзгөн РИИБдин ардагери Турдакунов Жетиген;
- 2-орунга Ош ОИИБдин ардагери Торониязов Жигиталы;
- 1-орунга Ноокат РИИБдин ардагери Бегалатов Исак ээ болду.

Волейбол боюнча мелдештин жеңүүчүлѳрү:
- 3-орунду Араван РИИБдин ардагерлер кеңешинин командасы;
- 2-орунду Ноокат РИИБдин ардагерлер кеңешинин командасы;
- 1-орунду Ош ОИИБдин ардагерлер кеңешинин командасы алышты.

Шахмат боюнча мелдештин жеңүүчүлѳрү:
- 3-орунду Алай РИИБдин ардагери Абдуллаев Раимбек;
- 2-орунду Өзгөн РИИБдин ардагери Джумабаев Макен;
- 1-орунду Ош ОИИБдин ардагери Талипов Дамир ээледи.

Теннис боюнча мелдештин жеңүүчүлѳрү:
- 3-орунга Араван РИИБдин ардагери Алыбеков Авазбек;
- 2-орунга Кара-Суу РИИБдин ардагери Кадыров Абдукарим;
- 1-орунга Ош ОИИБдин ардагери Ташиев Ураимжан ээ болду.

Сыйлык ээлерине акчалай сыйлыктарды, дипломдорду жана кубокторду Ош ОИИБдин жетекчиси Малик Нурдинов, ИИМдин ардагерлер кеңешинин төрагасы Султанбек Жоошбаев тапшырышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×