Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ош облусуАраван району 02.07.2019 09:27 На русском

Аравандагы мектеп 1,2 млн сомго оңдолду

Turmush -  Араван районундагы Зухрахон Розахунова атындагы орто мектеп толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган мектептин директору Аброрбек Юсупов билдирди.

Араван районуна караштуу Нур-Абад айыл өкмөтү тарабынан Кайрыгач-Арык айылындагы З.Розахунова орто мектебин толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүү үчүн 2019-жылдын бюджетинен 1 млн 200 миң сом бөлүнгөн.

«Нур-Абад айыл өкмөтү тарабынан мектептин материалдык жана техникалык базасын чыңдоо максатында 200 миң сомго 1 интерактивдик такта, 387 миң сомго 6 компьютер берилген. Мындан сырткары мектептин спорт залы капиталдык оңдоодон өткөрүлдү. 400 миң сомго мектептин терезелери алмаштырылып, 200 миң сомго темир тосмолор орнотулду», - деди А.Юсупов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×