Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ош облусу, Ош 02.07.2019 10:48 На русском

Ошто сатылып жаткан коон-дарбыздагы нитраттын көлөмү төмөндөдү

Turmush -  Ош шаарында сатылып жаткан дарбыз-коондордун курамындагы нитраттын көлөмү төмөндөп, көзөмөл күчөтүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык ветеринардык жана санитардык коопсуздук боюнча инспекциянын башчысы Сүйүн Абдуллаев билдирди.

Анын айтымында, учурда шаарда сатылып жаткан коон-дарбыздар боюнча сатуучуларга жана тургундарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

«Мурун дарбыз-коондордун курамындагы нитраттардын көлөмү нормадан жогору болсо, азыр төмөндөдү. Мисалы, дарбыздардын нитраты норма боюнча 60 болсо, азыр 32-35 көрсөткүчүнө түшүп калды. Ал эми коондун нитраты норма боюнча 90 болсо, азыр 45-51ди түзүп калды», - деди С.Абдуллаев.

Ал буга чейин Жалал-Абад облусуна караштуу Шамалды-Сай шаарчасында өстүрүлгөн дарбыздар бышып, Ош шаарына алынып келе баштаганын билдирген.

«Буга чейин чет өлкөдөн келди делген коон-дарбыздардагы нитрат көп болуп жаткан. Учурда базардагы коон-дарбыздардын курамындагы азоттун көлөмү нормага келип, жегенге мүмкүн болуп калды», - деген С.Абдуллаев.

Turmush басылмасы Ош шаарында коңшу мамлекеттен алынып келген делген дарбыздын ичи кан сыяктуу, желим болуп жатканын жазган. Бул тууралуу аймактык кабарчыга дарбыз сатып алган Кутман Султанов билдирген.

«Тажикстандын дарбызы деп сатышкан. Үйгө алып келип кескенде ичи кан сыяктуу кыпкызыл экен, даамы жок. Кармасам желим сыяктуу, анын суусу боектой болуп столдун бетине жугуп жатат. Тиешелүү кызматтардан чара көрүүнү өтүнөбүз», - деген ал.

Ошондой эле Turmush басылмасы коңшу өлкөлөрдөн Кыргызстанга алынып келген коон-дарбыздардын зыяндуулугу белгиленген нормадан 15 эсе көп болуп жатканын жазган. Толук маалыматты бул шилтемеден окусаңыз болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×