Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Ош облусу, Ош 06.07.2019 10:28

Ошто туристтик милиция кызматына кабыл алуу августка чейин уланат

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Ош шаарында туристтик милиция кызматына жарыяланган сынак август айына чейин уланат. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Ош ШИИБдин кайгуул көзөмөл кызмат батальонунун карамагында туристтик взвод иштеп баштайт. Сынакка жогорку билимдүү, чет тилдерди билген жана ички иштер органдарынын катарында кызмат өтөө талаптарына жооп берген жарандар катыша алат.

Жалпы 20 офицердик бош орун бар.

Кошумча маалымат алуу үчүн Ош ШИИБдин кадрлар бөлүмүнө же 03222 5 67 22, 0559 15 03 03 телефон номурлары аркылуу байланышса болот.

Буга чейин Turmush басылмасы Ош шаарында туристтик милиция кызматы иштеп баштарын жазган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×