Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ош облусу, Ош 06.07.2019 12:13

Чолпон-Атадагы спартакиадада Оштун социалдык кызматкерлери 1-орунду алды

Turmush -  Социалдык кызматкерлер арасында өткөрүлгөн республикалык спартакиадада Ош шаарынан жана Ош облусунан барган курама команда жеңишке жетишти. Бул тууралуу Ош шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын жетекчиси Дина Анарбаева билдирди.

Анын айтымында, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги тарабынан алгачкы ирет социалдык кызматкерлер арасында атайын спартакиада уюштурулган.

«Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өткөн спартакиадага өлкөдөгү бардык облустан жана шаарлардан келген командалар катышты. Мелдеште спорттун волейбол, футбол жана жеңил атлетика түрлөрү боюнча күч сынаштык. 100, 200 метр, 1 км аралыкка чуркоо боюнча Оштон барган кызматкерлер жеңишке жетишти. Волейболдо да жеңишке жеттик. Футболдон 4-орунду ээлеп калдык. Жалпы командалык эсепте Ош шаары жана Ош облусунан барган курама команда 1-орунга ээ болду», - деди Дина Анарбаева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×