Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ош облусуАлай району 06.07.2019 14:27 На русском

Алайда «Аялзат дүйнөнү сактайт» аттуу этнофестиваль өттү (сүрөт)

Turmush -  Алай районунда «Аялзат дүйнөнү сактайт» этнофестивалы өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Фестивалга «Ала-Тоо айымдары» коомдук-экологиялык кыймылдын жетекчиси Жыпар Баргибаева, Алай районунун акиминин орун басары Бактыбек Осмонов, райондук аялдар кеңешинин төрайымы Жумагүл Садыкова жана жергиликтүү лидер айымдар катышты.

Фестивалды элдик ырларды аткарган ак элечек кийген айымдар ачты. Ага улай эле коомдук-экологиялык кыймылдын облустагы координатору Анара Капарова, журналист Салима Шарипова аялзаттын эмгеги тууралуу сөз сүйлөштү. Бактыбек Осмонов аялзаттын коомдогу ролу, ийгиликтери тууралуу айтып, фестивалдын уюштуруучуларына ийгилик каалады.

Катышуучулар райондун борборундагы «Курманжан датка» тарыхый этнографиялык музейде да болушту. Күндун экинчи жарымында флешмоб уюштурулуп, айымдардын саркеч кийимдерин, өзгөчө баш кийимдердин түрлөрүн чагылдырган көргөзмө өттү.

Иш-чаранын соңунда Жыпар Баргибаева аталган фестиваль облустун бардык райондорунда өткөрүлөрүн баса белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×