Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Ош облусуАлай району 07.07.2019 18:05 На русском

«Алай» футбол клубу өз талаасында «Нефтчини» жеңип алды

Turmush -  Кечээ, 6-июль күнү Кыргыз Премьер-лигасынын алкагында «Алай» футбол клубу өз талаасында Кочкор-Атанын (Жалал-Абад) «Нефтчи» клубун кабыл алды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Оюндун биринчи бөлүгүндө талаа ээлеринин борбордук коргоочусу Акрам Умаров башы менен каршылаштарынын дарбазасына гол киргизген. Оюндун экинчи бөлүгүндө дагы «Алай» клубу активдүү чабуулдары менен айырмаланды. Оюн 1:0 эсебинде «Алайдын» жеңиши менен аяктады.

Учурда «Алай» футбол клубу Кыргыз Премьер-лигасынын турнирдик жадыбалында 1-орунда келе жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×