Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ош облусуӨзгөн району 08.07.2019 10:44 На русском

«Күрүчтү боёшот»: Өткөн жылы күрүч эккен өзгөндүк дыйкандардын чыгымы акталбай калды. Видео

Turmush -  Өзгөн районунда 2019-жылы өткөн жылга салыштырмалуу күрүч аз эгилди. Себеби былтыр базарда күрүчтүн баасы төмөн болгондуктан дыйкандардын чыгымды акталбай калган. Бул тууралуу райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Абсатар Тагайбеков билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылы күрүч 3 миң 102 гектар жерге эгилсе, быйылкы аянт 3 миң 30 гектар болду.

«Өзгөндүн күрүчү Өзбекстанга быйыл гана экспорттолуп жатат. Россияга мигранттар гана аз өлчөмдө алып кетип жатышат. Былтыр дыйкандар 55-60 сомдон сатышып, чыгымдарын актабай калды. Кээ бир кооперативдик чарбалар жоюлуп кетти. Учурда өкмөткө Күрүч ассоциациясын түзүп, кооперативдик чарбалардын башын бириктирели деп кайрылуу даярдап жатабыз. Логистикалык борбор ачып, лабораториялык текшерүүлөрдү өзүбүз өткөрүп, сатууга чыгарсак баасы жогорулайт», - дейт Абсатар Тагайбеков.

Ал эми «Манас-2006» айыл чарба кооперативинин башчысы Шавкатбек Салиев жумушчуларды иштетип, аппарат менен тазалатышса шалынын дүң баасы 120 сом болуп кетээрин билдирди.

«Быйыл биздин кооперативдик чарба 42 гектар жерге күрүч эккен. 1 гектардан 22 центнер шалы алсак, анын 45 пайызы күрүч болот. Жердин гектарын 6 миң сомдон айдатып, малалатып, дарыларды кол менен чачабыз. Кургатып, соко салганга жана башка жумуштарга чыгым, мээнет көп кетет. Бирок биздин жерлер башка эгин эгүүгө жарабайт. Негизи күрүчтү кечирээк эгип, кеч күздө жыйнаш керек. Бизде эрте эгип, эрте жыйнап алышат. Себеби эртерээк базарга алып чыгуу үчүн, экинчиден малдар жайлоодон келип тебелеп салышпасын деп жыйнап алышат. Шалыны оруп алгандан кийин күнгө кургатыш керек, бирок азыр шашып кургаткычка (сушилкага) кургатып салышат. Күнгө жайганда химиялык дарылар өзүнөн-өзү жок болот, күрүч кызарат. Шашкан дыйкандар Өзбекстандан боёк алып чыгышат деп уккам. Кызыл калемпирдин күкүмү жана химиялык кошулма менен боёшот экен», - деди Шавкатбек Салиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×