Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Ош облусу, Кара-Суу 13.07.2019 17:30

Кара-Суу шаарына жаңы 5 техника алынды

Turmush -  Кара-Суу районунун Кара-Суу шаарына жаңы 5 техника алынды. Бул тууралуу райондун акимчилигинин адиси Абдыганы Сотоев билдирди.

Анын айтымында, Кара-Суу шаары буга чейин Кыргызстандагы чакан 20 шаарды өнүктүрүү программасына кирген. Ага байланыштуу шаардын таза суу түтүктөрү алмаштырылат.

«Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы тарабынан 1 млн евро бөлүнүп, тендер жарыяланып, жаңы 5 техника келди. Эми ал техникалар шаардагы иштерди аткарышат. Быйыл союздан калган түтүктөр толугу менен алмаштырылат. Саркынды сууларды тазалоо боюнча иштер жүрөт. Учурда техникалар иштеп баштады», - деди Сотоев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×