Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ош облусу, Ош 14.07.2019 20:41

Футбол боюнча Кыргызстандын супер кубогун «Дордой» клубу утту. Видео

Turmush -  Бүгүн, 14-июль күнү Ош шаарында футбол боюнча Кыргызстандын супер кубогу үчүн болгон оюнда Бишкектин «Дордой» клубу менен Оштун «Алай» клубу оюн өткөрүштү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалым болгондой, оюндун биринчи бөлүгүндө «Дордой» активдүү ойноп, эсепти ачты. Оюндун экинчи бөлүгүндө «Алайдын» чабуулчусу Мирбек Акматалиевдин голу эсепти теңеди. Бирок бишкектик футболчулар чабуулдарын улантып, эсепти эки эселентти. Жыйынтыгында Кыргызстандын 2019-жылдагы супер кубогун «Дордой» клубу утуп алды.

Былтыркы жылы кубокту Оштун командасы уткан болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×