Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Ош облусуКара-Суу району 17.07.2019 16:29 На русском

«Төртөөнүн киндигин жолдошум кескен»: 8 кыздын апасы Гүлбайра Кадырова эч ким жокто төрөп, жата берген (сүрөт)

// Turmush

Turmush -  Кара-Суу районунун Талдык айылынын 38 жаштагы тургуну Гүлбайра Кадырова 8 кыздын энеси. Жолдошу Урматали Маматалиев менен баш кошконуна 20 жыл толду. Кыздарынын аралыгы эки жаштан.

Жубайлар уулдуу бололу деп кыздарына Үмүтай, Уулбүбү деген ысымдарды дагы ыйгарышкан. Гүлбайра Кадырова менен аймактык кабарчы маектешти.

Баатыр эне 4 кызын үйүндө төрөп, алардын киндигин жолдошу кескенин айтты.

«Төрөгөн сайын туугандар “ии, уул болуп калганда” дешет, бирок кайын энем унчуккан эмес. "Кыз бала мээримдүү болот, ырыскысы менен төрөлөт" деп гана айткан. 6-ирет кош бойлуу болгондо жолдошум боюңдан алдырып сал дегенинен алдыргам. Бирок азыр өкүнөт. УЗИге түшкөндө бала тетири жатып калыптыр, жынысын айткан жок деп келсем, “дагы кыз экен да” деп койчу. 8-кызымды төрөгөндө акушерлер сүйүнчүлөбөй, жөн гана “кыздуу болдуң” деп коюшуптур. Аялын чанып кетпесе экен деп чочулашыптыр. Төрөтканадан чыгарганда сүйүнчү берген эмесмин деп дарыгерлерге гүл, торт алып барып берген. 4-5-6-7-кыздарымды үйдөн эле төрөп, киндиктерин жолдошум кескен.

4-кызымды төрөгөндө үйдө эч ким жок болуп калды. Кошуналарым алыс болчу. Төрөп алып, жата бердим. Бир убакта кайын энем келип калды, бирок ал да киндик кесе албайт экен. Кошунамды чакырсак, “төрөгөн аялга кире албайм” деп коюптур. Айылда бир эмчи аял бар болчу, аны конокто отурган жеринен таап келишти. Ага чейин уктап кетиптирмин, бир убакта саным “тыз” дей түштү. Көрсө кайын энем уктабай кызыңды кара деп чааптыр. Ошентип кызымдын киндигин эмчи аял кесип, атын Умсунай деп койгон. Анын келини да кыз төрөй бергендиктен небересинин атын Умсунай койгондон кийин уулдуу болушуптур», - дейт Гүлбайра Кадырова.

Ал төрөтканадагы атайын отургучтан (кресло) коркот. Толгоосу 2 сааттай эле болуп, ошондуктан үйүндө төрөгөнүн кошумчалады.

Кыздарынын эң улуусу быйыл мектепти аяктап, фармацевт адистигин тандады.

«Экинчи кызым тарыхка кызыгат, тарыхчы болом дейт. Үчүнчү кызым эркек мүнөз, көбүнчө малды ошол карайт. Кичинекей кезинде торпокторго сабак өтчү. Аны мугалим кылалы дейбиз. Ошол кызым “мен өзүбүздүн эле айылга келин болом, силерден кабар алып турам” деп калат. Мен "дагы төрөйм да" десем, “анда уулдарыңдын бири мал карап, экинчиси шаарда иштейт” деп калышат. Бирөөсү сот, бирөөсү жол тескөөчү болобуз дешет. Бири-биринин таламын талашып, бир кызыма бир нерсе керек болуп калса баары келип сурашат», - дейт баатыр эне.

Ал мамлекет тарабынан жардам болсо деген тилегин айтты. Учурда жолдошу да, өзү да жумушсуз.

Кыздары: Нуркыз 18 жашта, Арапаткан 16 жашта, Жумагүл 14 жашта, Умсунай 12 жашта, Уулбүбү 10 жашта, Даткайым 8 жашта, Үмүтай 5 жашта, Адина 3 жашта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×