Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Ош облусуКара-Суу району 18.07.2019 11:19

Үй-бүлөлүк бизнес: Кара-суулук дыйкан күнүнө миңдей дарбыз сатууда. Видео

Turmush -  Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнө караштуу Кайрагач айылынын дыйкандары өстүргөн дарбыздарын сатыкка чыгара башташты. Бул тууралуу жергиликтүү дыйкан Сабыр Турдубаев аймактык кабарчыга билдирди.

Кайрагач айылынын дыйкандары дарбыздарын Ош—Бишкек унаа жолунун жээгинде сатышат. С.Турдубаевдин айтымында, Кара-Суу районунда эгилген дарбыздар бышып, аларды сатуу мезгили келди. Дыйкан күнүнө миңдей дарбыз сатарын кошумчалады.

«6 жылдан бери дарбыз өстүрөм. 1 гектар жерге дарбыз, 30 сотых жерге жүгөрү эгем. Биздин тиричилигибиз ушул. 450 метр алыстан мотор менен суу чыгарткам. Суу көйгөй жаратат. Чоң мээнет жумшалат. Чыгымдарга 50 миң сомдой сарпталат. Ал эми дарбыз сатканда 150 миң, 200 миң сомго чейин пайда табабыз. Быйыл өткөн жылга салыштырмалуу азыраак түшүм алдым. Анткени дарбыздарды үшүк алып кетти. Биздин дарбыздар даамдуу. Кардарларым улам алып кетишет. Кезинде 20 сотых жерге дарбыз эгип баштасам, бир учурда 1,5 гектар жерге өстүргөм. "Эл эмгегин жер жебейт" дегендей мээнетибиз жакшы эле акталып жатат», - деди С.Турдубаев.

Дыйкандын үй-бүлөсү жайында дарбыз сатса, күзүндө жүгөрү жыйнашат. Алар эртең менен талаага чыгып, тракторго миңдеген дарбыздарды жүктөп, жолдун жээгине алып чыгышат. Сабыр Турдубаевдин жубайы Бархан Турдубаева да күнүнө миңдей дарбыз сатса боло турганын айтты.

«Азыр дарбыздын мезгили болгондуктан сатып алуучулар көп. Жолдо кетип бара жаткан унаалар токтоп, бир нече дарбыздарды сатып алып кетишет. Учурда күнүнө миңден ашуун дарбыз сатуудабыз. Баалары ар кандай. Көлөмүнө жараша бааланат. Кичирээк дарбыздар 30 сомдон сатылса, чоңдору 100 сомдон сатылып жатат», - дейт Б.Турдубаева.

Кара-Суу районунун агрардык өнүгүү бөлүмүнүн маалыматына караганда, район боюнча жалпы 1 миң 725 гектар жерге дарбыз эгилген. Ал эми Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүндө быйыл 166 гектар жерге дарбыз өстүрүлүп, өткөн жылга салыштырмалуу 35 гектарга көп эгилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×