Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Ош облусу, Ош 23.07.2019 09:20 На русском

Ошто сынга кабылган башкармалыкка жаңы жетекчи келди

Алтынбек Токошев
Алтынбек Токошев

Turmush -  Ош регионалдык шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын башчысы болуп Токошев Алтынбек Аскарбекович дайындалды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Алтынбек Токошевди кечээ, 22-июль күнү Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов эмгек жамаатка тааныштырды.

Өмүр баяны:

- 1978-жылы Өзгөн районуна караштуу Мырза-Аке айылында туулган:

- Үй-бүлөлүү, 2 баланын атасы;

- Жогорку билимдүү;

- 2000-жылы Ош технологиялык университетин инженер-куруучу адистиги боюнча бүтүргөн;

- 2008-жылы Кыргызстан эл аралык университетинен юриспруденция адистигине ээ болгон;

- 2001-жылы Ош шаардык архитектура башкармалыгында инженердик пландоо бөлүмүнүн инженери;

- 2008-жылдан тартып Ош шаардык архитектура башкармалыгында инженердик пландоо бөлүмүнүн башчысы;

- 2010-жылдан тартып Ош регионалдык шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары.

Алтынбек Токошев

Turmush басылмасы Ош шаардык регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын мурдагы башчысы Ажымурат Жолдошев өзү жазган арыздын негизинде кызматынан кеткенин жазган.

---------------------

Буга чейин Turmush басылмасы А.Жолдошевге сөгүш жарыяланганын дагы билдирген.

7-июнь күнү Ош шаардык мэриясынын коллегиялык жыйыны өткөн. Жыйында шаардагы бир катар мекеме-ишкананын жетекчилери сынга кабылган.

Вице-мэр Жасур Азимов Ош шаарында мыйзамсыз курулган имараттар көп экенин билдирген. А.Жолдошев учурда Ош шаарынын деталдуу пландоо долбоору бүтө электигин айткан. Ал Бишкек шаарынын дагы деталдуу пландоо долбоору бүтө элек экенин кошумчалаган.

Сөзгө аралашкан мэр Таалайбек Сарыбашов: «Бишкек шаары чоң болушу мүмкүн. Бишкекте да силерге окшогондор отургандыр. Отуруп алып акча жасап жатасыңар. Бул тармакта жылыш жок. Сиз кайсы окуу жайды бүтүргөнсүз?», - деп суроо узаткан.

А.Жолдошев: - Оштон эле бүткөм.

Мэр: - Эмне үчүн ашык адам иштетип жатат? Маалым катта дагы жазылып турат. Шаарда мыйзамсыз курулуштар көп курулуптур. Буга ким жооп берет?

А.Жолдошев: - Биз өзүбүздүн функционалдык милдеттерибизди аткарып жатабыз.

Мэр: - Урматтуу Ажимурат мырза, ошончо адам менен жакшы иш алып бара албай жатасыңар.

Мен башчыңарды айтсам, силер «жакшы экенбиз» деп ойлоп албагыла. Силер башкармалыкта эки-үчкө бөлүнүп алыптырсыңар. Жетекчиңер башка, орун басарлары башка саясат жүргүзөт экен. Ажимурат мырза, мындай болбойт. Карагыла, оңдогула, иштегиле!

Ажимурат Жолдошев, мыйзамсыз курулуштар көбөйүп кетти. Элдин нааразычылыгы күчөдү. Сиз трибунага чыгып, «кетүүгө даярмын» дедиңиз. Мен ордуңузда болгондо кетип калмакмын. Орустарда «Жигит мактанып кетпейт, жасай албаганы үчүн кетет» деген сөз бар. Мындай сынды уккандан көрө кызматтан кетип калыш керек. Архитектура башкармалыгынын башчысына сөгүш жарыялансын.


Глава Ошского регионального управления градостроительства и архитектуры Ажымурат Жолдошев
Кызматынан кеткен А.Жолдошев

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×