Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Ош облусуЧоң-Алай району 23.07.2019 15:51 На русском

«Тоо фестивалы»: Ленин чокусунун этегине чогулган туристтердин суктануусу жана нааразычылыгы. Видео

Turmush -  Памир кырка тоолорунан орун алган Ленин чокусунун этегинде эл аралык уюмдар тарабынан «Тоо саякаты» фестивалы уюштурулуп, ага Европадан жана Америка Кошмо Штаттарынан келген туристтер күбө болушту. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Фестивалда кыргыз элинин этно буюмдары көргөзмөгө коюлуп, улуттук оюндар ойнолду. Уюштуруучулардын айтымында, мындай фестивалдар туристтерди тартуу максатында Ленин чокусунун этегинде жыл сайын бир нече жолу уюштурулат. Уюштуруучулардын бири Акыл Кайымов иш-чара Алай жана Чоң-Алай райондорунда туризмди өнүктүрүүгө дагы багытталганын кошумчалады.

«Фестивалды Чоң-Алай айыл өкмөтү менен биргеликте уюштурганбыз. Ыктыярчылар иштеп жатышат. Алар Чоң-Алай айыл өкмөтүнөн, Сары-Могол айылынан, Ош шаарынан келишкен. Англис жана орус тилдеринде сүйлөй алышат», - деди А.Кайымов.

Ажаткана маселеси курч бойдон турат

Уюштуруу иштерине көмөктөшүп, бир нече жылдан бери ушул тармакта иштеп жаткан Мурзакарим Тентимишов даараткана боюнча көйгөйлөр бар экенин айтты.

«Башында бизде гиддерди окутуу, маршруттарды түзүү боюнча көйгөйлөр жаралган. Азыр баары жакшы. Туристтер көбүнчө гиддерге, котормочуларга, айдоочуларга муктаж. Фестивалдарды уюштурууда ажаткана маселеси дагы жаралууда. Кийинки фестивалда бул көйгөйдү чечкенге аракет кылабыз. Бирок бул фестивалда ажатканалар бар, санитардык нормалар сакталган», - деди М.Тентимишов.

Туристтердин пикири кандай?

Фестивалга келген туристтердин көпчүлүгү жергиликтүү кол өнөрчүлөрдүн эмгектерине, Чоң-Алай районунун табиятына суктанышканын айтышты. Бирок Кыргызстандын таксисттеринин мамилесине кейишти. Голландиядан келген Саймон жана Рене кыргызстандык таксисттерге нааразы экенин жашырышкан жок.

«Биз Голландиядан келдик. Саякаттап жүргөнүбүзгө 6 ай болду. Кыргызстанга Кытай аркылуу өттүк. Кытайга келгенге чейин Сингапур, Тайван, Малайзия өлкөлөрүнө бардык. Саякат учурунда ыктыярчылардын дагы милдетин аткарып жатабыз. Кыргызстанга биринчи ирет келдик. Бизге Кыргызстандын эли жакты. Кайсы жакка барсак да кол булгалашат. Анан тамак-аштары жакты.

Бирок таксисттердин кылган мамилеси жаккан жок. Анткени таксинин баалары абдан кымбат, айдоочулар орой мамиле жасашат», - дешти голландиялык коноктор.

Туристтердин арасында Кыргызстанга алгачкы жолу келгендер да бар. Алардын бири — канадалык Клоуд.

«Менин бул жакка келгениме 1 жума болду. Бул жердин жаратылышы, эли абдан жакты. Кыргызстандын жаратылышы ат мингенге абдан ыңгайлуу экен», - деди ал.

Фестивалда таяк тартыш, эр эңиш, кол күрөш боюнча мелдештер уюштурулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×