Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Ош облусу, Ош 24.07.2019 08:46

Жол боюндагы бизнес: Ошто жүгөрү бышырып саткандар 150 миң сомго чейин табышат. Видео

Turmush -  Ош шаарынын 42 жаштагы тургуну Нурила Аскарова 10 жылдан бери унаа жолдун боюнда жүгөрү бышырып сатат. Аны менен аймактык кабарчы маектешти.

Өзүнүн айтымында, ал жүгөрүнү Жалал-Абад облусунун Шамалды-Сай шаарчасынан алдырып, сууга жана чокко бышырып, Ош шаарынын четиндеги унаа жолдун жээгинде сатат.

«Кыргызстандын түштүгүндө эң ысык жер Шамалды-Сай болгондуктан биз жактагы жүгөрүдөн биринчи ал жактын жүгөрүсү бышат. Ал жактагы жүгөрүлөрдү алып келип, бул жактан сатып бүтүргөнгө чейин өзүбүздүн жүгөрүлөр бышып калат. Учурда сатып жаткан жүгөрүлөр пайдалуу, таттуу жана калориялуу. Анын уругу жергиликтүү уруктарга караганда кымбат. Анткени Кытайдын жүгөрүсүнүн 1 кг уругу 200-250 сом болсо, Голландия сортундагы жүгөрүнүн 100 грамм уругу эле 150 сомдон сатылат. Быша элек жүгөрүлөрдү 5-6 сомдон сатып алып, аны бышырып, кайра 15-20 сомдон сатабыз. Күнүнө 150-200 жүгөрү сатканга жетишебиз. Бул бизнес 5-6 айлык гана болот. Жылына 150 миң сомго чейин таза киреше тапса болот», - деди Нурила Аскарова.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×