Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Ош облусуАлай району 29.07.2019 17:40 На русском

Алайдагы чыр: Таш-короолуктар сары таш казган ишкерлерге нааразы. Видео

Turmush -  Алай районунда 100дөн ашуун жергиликтүү тургундар таш казып жаткан (алдын ала маалыматтарга караганда травертин) ишкерлерге нааразы болуп чыгышты. Бул маалыматты Таш-Короо айылынын башчысы Максутали Таймаматов тастыктады.

Кечээ, 28-июлда Алай районуна караштуу Гүлчө айыл өкмөтүнүн Таш-Короо айылынын 100дөй тургуну таш казган жеке ишкерлердин ишмердүүлүгүнө нараазычылыктарын айтып чыгышкан. Максутали Таймаматовдун айтымында, «НурИсламСтрой», «Жаңы жол», «ЖолМетКен» ишканалары Кара-Суу району менен Алай районунун чектешкен жеринде таш казып жатышат.

Жергиликтүү тургундар таш казгандар Алай районун көздөй өтүп келе жатышканын айтышууда.

«Жергиликтүү тургундар мындай таш казуу иштери боло берсе, жайыт жерлерибизди жоготобуз деп кооптонууда. Бул көрүнүш 5 жылдан бери уланып келет. Аталган маселе боюнча көп жыйындар өттү, бирок ушул күнгө чейин элдин үнү эч кимге жетпей келет. Ишкерлер лицензиясы бар экенин айтышып, Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн башчысынын токтомун көрсөтүп жатышат. Кечээ, 28-июлда чогулган эл түнкү саат 22:30га чейин ишкерлер техникаларын алып кеткенге чейин турушкан. Экинчи тарап да 20дай адамды чогултуп, эки тарап кайым айтышты. Эгерде казуу иштери улана берсе, эл кайра нааразычылык билдирип чыгарын айтып жатышат», - деди Максутали Таймаматов.

Эскертүү: Видеодо адепсиз сөздөр айтылган.

Ал эми Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Алтынбек Болбур уулу бул маселе боюнча Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимовго кайрыларын айтты.

«Бүгүнкү күндө таш казып жаткан жеке ишкерлер Алай районунун аймагына өтө элек. Бирок ишкерлер Кара-Суу районунан Алай районунун аймагын көздөй таш казып келе жатышат. Биз тараптан аларга эч кандай уруксат берилген эмес. Ишкерлер Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн токтому бар экенин айтышууда. Бул токтомдор, лицензиялар канчалык мыйзамдуу экенин аныктоо максатында Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимовго кайрылабыз. Ишкерлерге чек ара маселеси чечилгенче казуу иштерин токтотуп турууну эскерткенбиз», - деди Алтынбек Болбур уулу.

Кара-Суу районунун акиминин биринчи орун басары Карапбек Абдиевдин айтымында, аталган аймак Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Гидрометеорология агенттиги тарабынан Кара-Суу районунун карамагындагы жер деп табылган.

«Бүгүнкү күндө ал жерде таш казуу иштери жүргөн жок. Ишканалар чалгындоо иштерин гана жүргүзүшкөн. Бул маселе боюнча 18-июлда Ош шаарында өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү менен жолугушуу болуп, талкуулаганбыз. Таш-Короо айылынын тургундары ал жерлерди Алай районуна караштуу деп эсептешет. Ошондой эле алар аталган жерде жайыттар жана турак жайлар бар экенин айтышкан. Андан сырткары экологияга терс таасирин тийгизет деп чыгышкан. Бирок тиешелүү органдар текшерүү иштерин жүргүзүшүп, ал жер Кара-Суу районунун карамагында экени аныкталды. Ал жерде турак жай жок экени жана адамдар жашабай турганы маалым болгон. Ишканалардын жетекчилери ошол эле Таш-Короо айылынын тургундары экен. Ишкерлер эл менен жолугушууга барбай койгондуктан, тургундар өздөрү чалгындоо иштери жүрүп жаткан жерге барышканы айтылууда. Эки тарап урушту деген сөздөр чындыкка дал келбейт», - деди Капарбек Абдиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×