Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ош облусуАлай району 01.08.2019 17:07 На русском

Видео — Мургабдык кыргыздар кийген 300 миң сомдук баш кийим

Turmush -  Ош облусунун Алай районуна караштуу Сары-Могол айылынын тургуну Бүсадат Сатыбалдыева 100дөн ашуун шакиртине калак (аялдардын баш кийими) ороонун 12 түрүн үйрөтүп келет. Ошондой эле ал улуттук баш кийимдердин түрүн жасайт. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Калак — бул мургабдык кыргыздардын элечек сыяктуу баш кийими. Бүсаадат Сатыбалдыеванын негизги максаты — кыргыздын калагын унутта калтырбай, келечек муунга үйрөтүп, дүйнө элине таанытуу. Этно тарыхчы өзү мектепте 46 жыл мугалим болуп иштеген. Учурда пенсияда.

«20 жылдан бери кыргыздын калагын кыз-келиндерге үйрөтүп келе жатам. Биздин эмгектер I, II, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы сынактарда алдыңкы орундарга ээ болду. Бул да болсо биздин демибизге дем, күчүбүзгө күч-кубат берет. Колдоо болсо өнүгүү, өсүү болот. Негизи “калак” деген сөздү иран тилинен которгондо “башы ак” дегенди түшүндүрөт. Калакты Орто Азиядагы түрк тилдүү элдердин баары кийишет. Кезинде Курманжан датка да көчкөндө калак кийип, аны даңазалаган», - дейт Бүсаадат Сатыбалдыева.

Б.Сатыбалдыеванын айтымында, калактын бир нече түрү бар. Ал кеп такыя, сагак, чачпак (аялдардын баш кийими) болуп бөлүнөт. Чачпактын пайдасы көп. Анткени ал чачты чачыштырбай, түз алып жүргөнгө жана моюндун, желкенин түз болуусуна жардам берет. Мындан сырткары илгери согуштар көп болгондуктан кыздар чачпакка чачын бекитип жаа атышкан.

Калакты аттуу-баштуу адамдар гана кийип, анын узундугу 14 метрден 50 метрге чейин жетчү. Аны ороонун «өрдөк тумшук», «кочкор тумшук» жана башка 50дөй түрү бар жана кыз-келиндердин жаш өзгөчөлүгүнө жараша оролот.

«3-7 жашка чейинки кыздарга кеп такыя (аялдардын баш кийими) кийгизилип, кыз турмушка чыкканча топу кийгизишет. Андан кийин шөкүлө кийгизилип, үйлөнүү тою жакындап калган кызга ар кандай шурулар менен жасалган кеп такыяларды кийгизип, турмушка узатышат. Кыз турмушка узап баратканда анын жабылган жүзүн күйөөсүнөн башка эч ким ачпайт. Кыргызда кыз-келиндердин чачы улук болгондуктан алардын башынан кеп такыя түшкөн эмес. Мындан улам кыздын чачын жана көкүрөгүн эч ким көргөн эмес.

1-2 балалуу келиндин кийими, калагы дагы башкача болгон. Алар элечек сындуу, жасалмалуу, кочкор тумшуктуу калакты кийишкен. Бул жумушчу кийим. Мындан сырткары келиндерге белдемчи тагылган, аны төрөгөнгө чейин жана төрөгөндөн кийин дайыма тагынып, сууктан сактанышкан», - деди Б.Сатыбалдыева.

Бүсаадат айым төөнүн жүнүнөн жасалган пиязы чепкенди да мыкты жасайт. Пиязы чепкен ысыкка, суукка ылайыктуу, жеңил да болот. Б.Сатыбалдыева учурда пиязы чепкендерин мигрант жаштарга 70-80 миң сомго сатууда. Ал эми калакты саймалары менен даярдоодо 3 ай убактысы кетип, бир калакты топтому менен 300 миң сомго баалайт.

Учурда Б.Сатыбалдыеванын 6 чоң тайпасы бар. Анын бирөө тажик кыздарынан куралган. Бүүсаадат айым аларга калак ороонун 12 түрүн жана көл өнөрчүлүктү үйрөтөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×