Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ош облусу, Ош 06.08.2019 17:32

Оштун жаш футболчулары эл аралык мелдеште Кытай жана Таиланддын командаларын жеңип алды (сүрөт)

Turmush -  Ош шаарынын 15-16 жаштагы өспүрүмдөрүнөн куралган футбол командасы Кытай мамлекетинин Ганьсу провинциясынын Линься шаарында өтүп жаткан кичи футбол боюнча эл аралык мелдешке катышып жатышат. Бул тууралуу алардын машыктыруучусу Учкун Абдыжапар уулу билдирди.

Анын айтымында, мелдешке 17 өлкөнүн футболчулары катышууда.

«Биздин команда Ош шаарынын атынан катышып жатат. 2 оюнду уттук: Кытайдын командасын 9:2 эсебинде, Таиланддын командасын 5:3 эсебинде жеңдик. Эртең Тажикстандын жана Непалдын командалары менен беттешебиз», - деди Учкун Абдыжапар уулу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×