Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Ош облусуНоокат району 06.08.2019 20:00

Ноокатта унаа жолдун ортосуна темир тосмолор орнотулду (сүрөт)

Turmush -  Ноокат шаарында Ош—Исфана унаа жолунун ортосуна атайын темир тосмолор орнотулду. Бул тууралуу Ноокат шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, шаардагы Ош жана О.Солтобаев көчөлөрүндөгү бетон тосмолор алынып, алардын ордуна атайын темир тосмолор орнотулду. Буга чейин тургундар бетон тосмолордон ашып өтүп өмүрүн тобокелдикке салып келишкен жана айдоочуларга ыңгайсыздыктар жаралган. Маселелерди жоюу максатында жер астынан өтүүчү өтмөк куруу тууралуу Транспорт жана жол министрлигине кат жөнөтүлүп, жаңы жолдун курулушу дагы башталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×