Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Ош облусуКара-Суу району 07.08.2019 13:28

Видео — Жол тескөөчүнү ыргыта сүзгөн «Хонданын» айдоочусу изделүүдө

Turmush -  Кара-Суу районунун Фуркат айылында унаасы менен жол тескөөчүнү сүзүп, качып кеткен айдоочу изделүүдө. Бул маалыматты Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн тастыкташты.

5-август күнү кечки саат 22:20 чамасында Ош—Сары-Таш—Эркечтам унаа жолунун 3-чакырымында (Фуркат айылы) мамлекеттик номуру белгисиз «Хонда Фит» үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу жол эрежесин бузган. Ошол жерде кызмат өтөп жаткан Ош облусу боюнча ЖКККБнын кенже тескөөчүсү, милициянын старшинасы Б.А. унааны токтотууга буйрук берген. Бирок айдоочу жол тескөөчүгө баш ийбей аны сүзүп, унаасын токтотпостон Алай районун көздөй качып кеткен. Анын кесепетинен ЖКККБнын кызматкери Б.А. денесинен жаракат алып, Ош облустук ооруканасына жеткирилген. Учурда анын абалы туруктуу.

Аталган факт боюнча Кара-Суу РИИБдин тергөө кызматы тарабынан тийиштүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Ошондой эле Ош облусунун аймагында «Курчоо» операциясы киргизилип, Ош облусу боюнча ЖКККБнын өздүк курамы, Кара-Суу РИИБге караштуу ЖКККБнын жана Кара-Суу РИИБдин криминалдык милиция кызматы окуя болгон жерден белгисиз тарапка качып кеткен «Хонда Фит» унаасынын айдоочусун кармоо боюнча ыкчам иликтөө иш-чараларын жүргүзүп жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×