Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Ош облусуӨзгөн району 07.08.2019 16:09

Сүрөт — Өзгөндө жүк ташыган унаа бакты сүзүп токтоду

Turmush -  Өзгөн районунда жолдон чыгып кеткен жүк ташуучу унаа бакты сүзүп токтоду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Алдын ала маалыматтарга караганда, жол кырсыгы бүгүн, 7-август күнү эртең менен болгон. Өзгөн районунан Жалал-Абад облусуна бара жаткан жүк ташуучу унаанын айдоочусу рулду башкара албай, унаа жолдун четиндеги бакты сүзгөн. Жабыркагандар жок. Жүк ташуучу унаа материалдык чыгымга учурады.

Окуяны Ош облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тактап жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×