Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Ош облусуӨзгөн району 08.08.2019 10:42

Адам өмүрүн алган кырсык: Өзгөндө жүк ташыган унаа менен «Хонда» кагышты (сүрөт)

Turmush -  Өзгөн районунда 2 унаа кагышып, 34 жаштагы айдоочу каза болду. Бул маалыматты Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тастыктады.

7-августка караган түнү саат 00:30 чамасында Ош—Бишкек унаа жолунун 604-чакырымында, тактап айтканда Өзгөн районунун Бостон айылында Ноокат районунун 1985-жылы туулган тургуну И.А. өзүнүн «Хонда СРВ» үлгүсүндөгү унаасын башкарып бара жаткан. Унаа каршы тилкеге чыгып кетип, «ДАФ» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа менен кагышкан. Жүк ташуучу унааны Араван районунун 1971-жылы туулган тургуну А.О. башкарып бара жаткан. Жол кырсыктан «Хонданын» айдоочусу окуя болгон жерде каза болду.

Аталган кырсык боюнча Өзгөн РИИБдин тергөө кызматы тарабынан тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×