Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Ош облусуАлай району 08.08.2019 17:00

Алайда кооптуу аймакта жашаган 88 үй-бүлө көчпөй жатканы үчүн сотко беришти

Turmush -  Алай районунда кооптуу аймакта жашаган 88 үй-бүлө көчпөй жатканы үчүн иш сотко өткөн. Бул тууралуу ӨКМдин Алай району боюнча бөлүмүнүн башчысы Жумабай Калдыбаев билдирди.

Анын айтымында, учурда көчүрүүгө зарыл болгон 380 үй бар.

«Район боюнча буга чейин 720 үй бар эле. Андан 380 үй көчүрүүгө зарыл болуп саналат. 84 үйдүн ээси мамлекеттен эч нерсе албагандар. 296 үйдүн ээси мамлекеттен ссуда менен жер алышкан. Бирок көчпөй жатышат. Жалпы көчпөй жаткан 88 үйдүн ээси сотко берилип, 51 үйдүн ээсине Алай райондук соту тарабынан көчүрүлсүн деген чечим чыккан. 9 үй-бүлөнүн ээсин кайрадан сотко бердик», - деди Калдыбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×