Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Ош облусуКара-Суу району 09.08.2019 13:45

Кара-Сууда мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар спорттун 6 түрү боюнча мелдешке түштү

Turmush -  Кара-Суу шаарында 8-августта Өзбекстандан жана Ош облусунун аймагынан келген ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар арасында спорттун 6 түрү боюнча достук мелдеш болуп өттү.

Маалым болгондой, мелдешти Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын дене тарбия жана спорт комитети, «Сезим» майыптар коому уюштуруп, «Исмайыл ата» фонду каржылады.

Кара-Суу райондук спорт комитетинин төрагасы Зайырбек Эшмаматовдун айтымында, мелдеш 2 жылдан бери уюштурулуп келет.

«Мелдешке Өзбекстандан жана Ош облусунан жалпы 20 команда катышып, алар кол күрөш, аркан тартыш, обруч айландыруу, шахмат, футбол жана таш көтөрүү боюнча күч сынашты. Иш-чаранын максаты мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга колдоо көрсөтүү жана алардын спортко болгон кызыгуусун арттыруу менен эки элдин достугун, биримдигин бекемдөө болуп саналат.

Мелдеш жылына 2-3 жолу өтөт. Негизи уюмда 243 мүмкүнчүлүгү чектелген жаран бар. Жыл сайын көзү азиздер арасында иш-чара өтсө, быйыл угуу жана сүйлөө жөндөмдүүлүгүнөн ажыраган жарандар арасында өттү», - деди Эшмаматов.

Андижан облусунун Ханабад шаарынан келген көзү азиздер жамаатынын башчысы Фарходжан Хайдаров: «Мындай иш-чаралар чек ара маселеси чечилгенден бери өтүп жатат. Биздин кызматташуубузга эч кандай тоскоолдук жаралган жок. Биз буга абдан кубанычтабыз», - дейт.

Мелдештин жыйынтыгы боюнча 1-2-3-орундарды камсыз кылгандарга дипломдор жана баалуу белектер тапшырылды. Коңшу мамлекеттен келген ар бир катышуучуга белектер берилди.

Футбол боюнча мелдештин жыйынтыгында:

- 1-орунду Ош шаары

- 2-орунду Кара-Суу району

- 3-орунду Кара-Кулжа району

- 4-орунду Ноокат району ээледи.

«Исмайыл ата» фонду 8 жыл катары менен 1-май — Эмгекчилердин эл аралык күнүнө жана 31-август — Эгемендүүлүк күнүнө карата айыл өкмөттөр жана райондор аралык волейбол жана кичи футбол боюнча мелдеш өткөрүп, байгесине 1 млн сом коюп келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×