Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Талас облусуТалас району 13.08.2019 15:13

Айыл турмушу: Таластык М.Сатыбалдиев уулдары менен кыш чыгарып сатып ишкерлик кылууда (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Көк-Кашат айылынын 55 жаштагы тургуну Майрамбек Сатыбалдиев ойлоп тапкан аппараты менен күнүнө 800гө жакын кыш чыгарууда. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, мектепти бүткөндөн кийин эле айылдагы клубда музыкант болуп бир топ жыл иштеген. Кийин жумушун жыйыштырып, жер алып, дыйканчылык менен алектенип калган.

«Башында өзүбүзгө, ата-энеме үй курууга кыш куйганбыз. Анан кошуналар «кыш куюп берсең» деп буйрутма берип жатышты. Ошентип көп буйрутма келип жасай баштадык. Ылай көтөрүп иштегенде ден соолугуң кетет. Бул ишибизди өзүбүзгө жеңилдетип алыш үчүн 2 жыл мурун пескоблоктой кылып төө кыш деп аталган кыштарды куйган аппарат жасаганбыз. Күнүнө 250 кыш чыгарып жаттык. Элден суроо-талап күчөгөндө жетишпей калдык. Быйыл күнүнө 800 төө кыш чыгара турган аппарат жасадык.

Бизге атайын бирөөлөр топурак түшүрүп беришет. Аны суу менен ачытабыз. Суу бир аз сиңген соң экскаватор менен «КамАЗга» жүктөлөт. «МАЗ» деген чоң унаада атайын ылай агып кете турган жер бар. Андан ылай төө кыштын идиштерине агып түшөт. Ар бир идишинде 25тен калып болот. Учурда 800 идиштен 800 төө кыш чыгып жатат. Дагы 200 идиш жасап жатабыз. Буйруса күнүнө 1 миңден чыга баштайт. Кыштар 2 сутка ичинде кургайт. Эл ордунан эле ташып кетип жатышат. 1 кыштын баасы 14 сомдон болуп жатат. Жылдык кирешени эсептеген деле жокпуз. Бирок уулдарымдын өз оокаттарына жетип жатат», - деди ал.

Ишкер жубайы Бегимжан Сатыбалдиева экөө 6 уул, 1 кыз, ата-энеси. Бир баласы Египитте билим алып жатат. 4 уулу өзүнө кошулуп иштеп жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×